ырба

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Күчөп кетүү (ооруга, көбүнчө жарага, шишикке карата).
  2. Ого бетер күч алуу, белгилүү болуу, жайылуу, күчөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тамак оору болобу, / Анын өтүн табышып, / Коктунун баары түлкү экен, / Бул түгөнгүс мүлк экен, / Ириңдеп эти ырбабас, / Мунун өтү дары экен, / Сүлөөсүнү көп экен, / Биздин элде ханда жок, / Ошол үчүн келиндер, / Ичик кийген кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кокодо өскөн бир жанмын, / Короолош жок курдашым, / Кулум десең, жараткан, / Кудайым сунгун жардамың, / Эрте менен кечинде, / Кайта ойлонуп санасам, / Кайгым батпайт ичиме”, / Адам таппас талаада, / Алмаңдын кетип амалы, / Арбып санаа ырбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тийген жери ырбаган, / Алжайгандан мал жайган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аргымак –төртөө жатышты, / Алып келет ал жерге, / Тайгандар айдап кайыпты, / Сомбилектин жанына, / Көп кийикти жарышты, / Бутун баатыр чырмады, / Жарасы күчөп ырбады, / Он беш күн өткөн кездерде, / Билбей калды сынганды, / Күндөн-күнгө жоонойуп, / Шишик басып чыңдалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бул сөз адегенде «имиш-имиш» сыяктуу болуп көрүнсө да бара-бара абдан чындыгына жеткендей ырбап, күчөнүп алган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →