ыраң1

китептерде 25 жолу, 7 китепте ыраң 2 →
  1. Түс, өң, ырай, түр.
  2. Жайкалып, көгөрүп турган көк шибер, көк чөп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ыраңгиси көп болсун, / Аз болбосун, көп болсун, / Келер апта бейшемби, / Уй башына кишиден, / Аз болгондо экиден, / Кеңколдоку күмбөзгө, / Калбай тегиз шай болсун, / Бейшемби күнү барасың, / Жума күн өрүн аласың, / Ишемби күнү жанасың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Сайрабай куштар муңайды; / Тал-кайың бойун кере албай, / Талаада жыгач уйалды; / Карагай, терек өспөдү, / Какшап калкы өксөдү, / Атактуу Кеңкол жети төр, / Ыраңы кетип өзгөрдү, / Талаанын баары чаңдады, / Канаттуу учпай калганы, / Көлдөрү толкуп чайпалды, / Токтобой Талас чайкалды, / Башы бүтүн, боору эсен, / Ыйлабай ки… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жайкалып ыраң чөп чыгып, / Калбай баары көп чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тиштеп алып бир чөптү, / Ыраңы жашыл көпкөктү, / Эт жеп жүргөн неме экен, / Зордук менен жегизди, / Баласына беришти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →