ырапыс

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Жол-жолу бар тыгыз согулган кездеме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ургаачынын уздарын, / Баарын кыргыз алыптыр, / Кандагай, олпок, ырапыс, / Катындардан калыптыр, / Пулу оор карала, / Букардан чыккан дүрүйө, / Арууке жасап салыптыр, / Каныкей жасап ак калпак, / Элге атак калыптыр, / Көтөлөк атын … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ел билек, / Коркпой турган Алмамбет, / Бадана тонун кийинип, / Бар кудайга сыйынып, / Барча тоодой Алакең, / Бастырып келе жатыптыр, / Анын арка жагында, / Көк ырапыс тон кийген, / Көк теке сындуу ат минген, / Ачкыйкырык куу сүрөөн, / Ал өңдөнүп ким жүргөн? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мен кандагай жасасам, / Келгенден уксам имишти, / Ал бүтүрүптүр ырапысты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арууке жасап эки тон, / Ырапыс деп ат койгон, / Баш кийитке салбастан, / Кадырын кийсе билет, деп, / Бирөөн берди Чубакка, / Азамат эрге керек, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…р, / Көк мейкин зоодой зымылдап, / Таластын бети жарылып, / Гүл ачылып чымырап, / Эр Гүлүстүн денеден, / Тер агып барат жыбырап, / Көкала минген аты бар, / Көк ырапыс тону бар, / Чоң чынардай бойу бар, / Бүткүл кылым бириксе, / Соруучудай ойу бар, / Аккүмбөздөй башы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →