ыракым
- Мээрим, ырайым, боор ооруу, аёо.
- Уруксат берүү, уруксат кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
чуулган, / Аламан өскөн кыргызды, / Келбей калса хан Калдык, / Аскерди төрткө бөлбөсөм, / Алакандай Таласка, / Ар тараптан кирбесем, / Астын-үстүн кылбасам, / Ыракым кылбай кыргызга, / Жашы менен карысын, / Айал-эркек - баарысын, / Как боорунан тилбесем, / Ойноп жүргөн балдарын, / Көзөй сайып шилиден, / Бутактарга илбесем, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бул белгиси келчү эмес, / Бул белгиси келгенде, / Жанга ыракым кылчу эмес, / Каарданды баатыр, деп, / Кандай болор акыр деп, / Кыргыздар карап турушту, / Төбөй менен Кененим, / Баштамак болду урушту, / Калмак Төбөй качырып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үнүң каар, өңүң заар, / Көзүң кыйгач, ичиң чаар, / Таруудай бетте каның жок, / Кабуу тапсаң кишиге, / Ыракым кылар пейлиң жок, / Манастайсың бакырып, / Жөн жаткызбай көрүнө, / Атынан айтып чакырып, / Тирүү киши турмайалык, / Өлгөнгө кошо асылып, / Кененим айтат мамынд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Он беш күнүң бүткөнчө, / Өз бойумду сындаймын, / Жарагымды кылдаймын, / Менден көөнүң ооруба, / Сага ыракым кылбаймын, / Ошол күнү, Сейитим, / Эрдигиңди ылгаймын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ошондуктан биздин көз жашыбызды көлдөтүп сураган арыз-арманыбызды, ыракым этип, биздин башчыбызга жиберүүңүздү сурайбыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →