ырайымсыз
- Таш боор, ырайымы жок, каардуу, адамга боору ачыбаган, мээримсиз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырайымсыз иш кылды, / Моңгулдун чыккан жалабы, / Арам сийдик эки кул, / Ал манжудан тамганы, / Эр Бекбача баатырдын, / Бүткөн бойу жыйрылып, / Дүр-дүр этип чыйрыгып, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ыраактан көрүп караанын, / Илебинен от жанган, / Ырайымсыз чоронун, / Ыдыгынан жадашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Урманбеттин ырайымсыз түрүн көргөн соң, Ыбыке өзү да чочулап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эгер ушу мүнөттө менин колумдан келсе, канча болсо берип, мынабу түксүйгөн, ырайымсыз, дүнүйөкөр, ачкөздөн бечара дуңганды бошотуп алышка, өзүмдү даяр эсебинде көрүп турдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сен ханга бала тилеп чыга турган болсоң, мен бир сөз айтамын: Сенин ханың абдан ырайымсыз, элге каардуу, жетим-жесирге кайыр санабайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →