ырайым
- Боорукерлик, ак көңүлдүүлүк, көңүлчөөктүк, бирөөгө кайрымдуу, адамгерчиликтүү мамиле, мээрим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…көз, / Кармап берип экөөнү, / Калганың кете бергиле, / Хан Калдык менен Каракөз, / Кармашка алың келбесе, / Кат жазды деп топоңдоп, / Кол айдап келе бергиле, / Ырайым-шапкат бизде жок, / Ачык муну билгиле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сурап койор бекен, деп, / Ырысканды карашат, / Калбайбыз тирүү биздер, деп, / Акылынан адашат, / Ырысканга Чигитей: / — Ырас пейлиң ак болсоң, / Ырайым кылып тирүүгө, / Койбогон киши мен болсом, / Хан башың менен солкулдап, / Кара жашың төгүлүп, / Катуу ыйладың болкулдап, / Калтырбай бердиң барыңды, / Мен алба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өкүмү өткүр кудаанын, / Өз достусу Мухаммет, / Бу да адам баласы, / Эмигичекти келатат, / Дин өзгөрбөй намазы, / Ырыскысы бүткөндө, / Ырайым кылбай аны алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Анда Гүлүс муну айтат: / — Жарым ооз кебим бар, / Жалпы баарың угуңар, / Ырайдан жанса Канчоро, / Ага ырайым кылыңар, / Жаман болбос мунуңар, / Жакшы берди кеңешти, / Абам Бакай билсин, деп, / Хан Сейитек уулуңар, / Энем менен жеңекем, / Акырында ушулар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Андай эмес абакем, / Кеңчилиги кармаса, / Ырайым шапкат анда бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →