ырай
- Ыраң, түр, түс, өң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бодуңдун башын байлансак, / Бул ырайдан биз жансак, / Бекбача бизди таштабас, / Жанадил анда кеп айтат: / — Барган менен биздерге, / Бекбачадан айла жок, / Тие турган пайда жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көкчө тосуп чыгат, де, / Коркор бекен кудайдан, / Кайтар бекен ырайдан?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Гүлүс муну айтат: / — Жарым ооз кебим бар, / Жалпы баарың угуңар, / Ырайдан жанса Канчоро, / Ага ырайым кылыңар, / Жаман болбос мунуңар, / Жакшы берди кеңешти, / Абам Бакай билсин, деп, / Хан Сейитек уулуңар, / Энем менен жеңекем, / Акырында ушулар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ырайы жок, боору таш, / Мал, пулуна карабай, / Баарынан кесип баш алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Биз менен бирге Ырай дегендин баласы — Кыдырманы да алып кетмек болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →