ыраат2
- Тартип, салт, каада.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сары жел артуу туу белде, / Салкын жерде жатайын, / Кол-бутум сунуп керилип, / Уйкунун даамын татайын, / Келишкен сонун жер экен, / Ыраатын мунун татайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Былк этпей жатып үйүңдө, / Байбичеңдин төрүндө, / Хан Жакып деп калгандар, / Келип турса күнүгө, / Ошонуң ыраат эмеспи, / Карып калган күнүңдө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Султандын көрүп ыраатын, / Сулууну алып кучактап, / Жатпасын алар чалкалап”- / Деген ойду аркалап, / Эркекче кийим кийинип, / Желкеге чачын түйүнүп, / Өзү баатыр балбан кыз, / Карыга найза илинип, / Тогуз күндүк кумунан, / Токтоо кылбай чураткан, / Укмуштуу кыз Кылжыке, / Учкан куштай чөл баскан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жайлоонун көрүп ыраатын, / Күзгөчө балам тынч алгын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Баатырдын уулу Сомбилек, / Аркасы менен ыраатын, / Сүрөр күнүм болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →