ыраакта
- Жакындабоо, алыстоо, ыраак болуу.
- Байланышын, мамилесин үзүү, мурдагыдай жакын ымалада болбоо, алыстоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдык абдан караса, / Оң жагында ыраакта, / Оолак турган бирөө бар, / Минген аты Койонбоз,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кооп калган буралып, / Нары басып ыраактап, / Кайра басып керилип, / Баатыр бала Чигитей, / Копкон экен ыргалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Басып өтүп төрт атты, / Сур чалышка жакындап, / Жарышы албай жүргөн жел, / Калып калат ыраактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ойуна алып чоң Кыйаз: / “Баласын кыйын каргады, / Каргышын буга арнады, / Атасыз бала сендей, деп, / Тыйактын кебин кылбады, / Тукумсуз Кыйаз калат, деп, / Менин атым айтканы, / Акчыланып айткандай, / Келгенимди туйбады” / Кетенчиктеп арамза, / Нарылап кетти ыраактап, / Үй ичинде Айчүрөк, / Баарын билип олтурат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →