ыраак
- Аралык, убакыт, мезгил жагынан болгон узактык, алыстык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элебей кылган иш жаман, / Эндекей кийген тон жаман, / Элинен азып ыраакка, / Ээрчип келген кол жаман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ат минбестен жөө жүргөн, / Дөөнү көрдүк ыраактан, / Кыркты көрдүк байрактан, / Желпилдетип келаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качканы болсо кой дебе, / Качпаса калмак ой дебе, / Арагын берсе ичпегин, / Айлына барып түшпөгүн, / Сыр алдырып көрүнбөй, / Сыртыңды салып дүңкүйбөй, / Ыраактан байка иттерди, / Жакшылыкты билеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арабыз опсуз ыраак жол, / Он күндөн калбай келип бак, / Жүрө бербей салбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алмадай болуп, кара таш, / Ыраакка учуп барганы...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →