ыраазылык
- Ыраазы болгондук, алымсынгандык, канааттангандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Талана, барсаң барып кел, / Бачымыраак кайтып кел, / Керээз ашың ичип кел, / Өлүм тонуң бычып кел, / Кеңешиңди салып кел, / Катын -балаң бар болсо, / Ыраазылык алып кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көпчүлүгү чогулуп, / Кыйал мас болуп күлүңдөп, / Жаш арстан Сейити, / Жан айабай кылчалык, / Кылдың кызмат бизге деп, / Ыраазылык билдирип, / Арамдык бүгүп ичине, / Арамзаада Сулаймат, / Актыгы жок кичине, / Кайгыдан кызыл кан өтүп, / Тамак ичпей уу ичип, / Кара күчкө каткырып, / Хан Сула…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сен колдуу болгон экен, деп, / Кененимдей балаага, / Калбайын кара жалаага, / Таласына барайын, / Айтып кабар салайын, / Жаш кезинде Кененим, / Мага кылды көп кызмат, / Ыраазылык алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мөнтө менен энеси, / Көмүлбөй калды талаада, / Алике менеен Сатике, / Кайта барсын аларга, / Ыраазылык сурасын, / Эл өлүмдөн жанаарда, / Камын кылып жөнөсүн, / Буйруган жерге бараарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Сизди сыйлап, бир коюбузду союп берели дедик эле, сиз ыраазылыгыңызды бериңиз, – дегеңде кайырчы болгон кан:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →