ыраазы
- Көңүлүнө, оюна туура келгендик, канааттангандык, курсанттык, нааразы болбогондук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Бир сууну билген хан турса, / Ага ыраазы болбосо, / Кыргызга кылып кастыкты, / Кылган иши бул турса, / Темир шааны сойуптур, / Шоорук шаа атка конуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…сайдырбай, / Жолунан тосо чыкканы, / Аксаргылдан Сүйүндү, / Көмө койуп жыкканы, / Карап турган немедей, / Капташа түштү Чолпонбай, / Ал Сүйүндү өргөндө, / Жаны ыраазы өлгөнгө,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арстан Манас ошондо, / Абалкы ишке токтоду: / — Катында болсоң, Каныкей, / Сага ыраазы болду, — деп, / Арамдын тилин алам деп, / Алты жылы көөнүңдү, / Оорутупмун, атаң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айткандын баарын сен кылсан., / Мен ыраазы ошондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →