ыр
- Ритм жана уйкаш аркылуу түзүлгөн поэтикалык чыгарма.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Каракөзгө каарданып, / Акырайа бир тиктеп, / Турумбекке бет алып, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кезкерип найза чунайтып, / Карасурду камчылап, / Качырып кирип барганда, / Акырыгы таш жарып, / Бактыбай жетти аңгыча, / Бактыбай, Калдык бет келди, / Баштан-айак жомок ыр, / Байыркынын кептери.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тору ат менен кырданып, / Түпөктүү найза ыргалып, / Бастырса болбой Кубатай, / Кетейин деп чыр салып, / Кабылан бала сурады, / Кайрылып басчуу неме эмес, / Ал кубатай бу дагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Билмексен болуп жай басып, / Эки кызды бирге алып, / Ырсаңдап күлбөй сумсайып, / Кирип келди суйсалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…экен, деп, / Агийинди абакем, / Агытпады бекер, деп, / Аңгычакты ар жактан, / Каныкей келди эпеңдеп, / Басып келди хан Бакай, / Калтырап муун тепеңдеп, / Желге ыргалып абаңдын, / Кыл сакалы сеңселет, / Теңселе басып Айчүрөк, / Бу да келди энтелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көрөлү баарын — деп чалып, / Кара кылкан буудай баш, / Жел тийсе кылкып ыргалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →