ынтымактуу
- Ынтымагы бар, чатакташпай, ынтымакташып жүрүшкөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачыласың бузулуп, / Ынтымактуу турбасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баарың болгун ынтымак, / Ынтымактуу болсоңор, / Куусаңда кетпейт ырыс-бак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мындан кийин жекеге, / “Ырыс алды ынтымак” / Ынтымагың бар болсо, / Куусаң да кетпейт дөөлөт-бак, / Мени койо салыңар, / Ынтымактуу жүрмөккө, / Бата кылгын барыңар, / Жашың менен карыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ырыскы багым экөөңсүң, / Башымда таажы бөркүмсүң, / Сен экөөңдөн өтүнөм, / Ынтымактуу жүрүшүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Салдырып бутка кең кишен, / Кынжылатып мойнунан, / Андан кийин Бакайдын, / Мабу кеп чыкты оозунан: / — Эл кыдырып келсин, — деп, / Чыккынчы болот ушундай, / Кыргыздын баары көрсүн, — деп, / Бирине-бири кас болбой, / Ынтымактуу жүрсүн, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →