ынтымак

китептерде 25 жолу, 9 китепте
  1. Чыр-чатаксыз, ынтымакташып жүрүүчүлүк, татуулук, бирдиктүүлүк, бир тилектүүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Олуйалар ошолор, / Ынтымагын карачы, / Бирине бири жок экен, / Ичинде чаар аласы, / Ырысын кара Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мындан кийин жекеге, / “Ырыс алды ынтымак” / Ынтымагың бар болсо, / Куусаң да кетпейт дөөлөт-бак, / Мени койо салыңар, / Ынтымактуу жүрмөккө, / Бата кылгын барыңар, / Жашың менен карыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өчүгүшүп урушуп, / Ач бөрүдөй жулушуп, / Бузулат элден ынтымак, / Кепке келип Куткарбас, / Катын-кызды таштасаң, / Куру кетпей томсоруп, / Ала кетсин башкасын”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Ынтымак, дөөлөт - бир тууган”, / Бузулбаса ынтымак, / Дөөлөттү бузуп ким кууган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Журттун ынтымагынан чыгып болобу,— деди салмак менен гана көптү көргөн, эстүү киши болуп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →