ынтызар
- Дилгир, талапкер, ынталуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Күртүлдөк деген жер эле, / Кебер шордун кени эле, / Аралап токой келгенде, / Алмамбет айткан кеп эле: / — Олуйа Кошой зор баштап, / Буудайык хандын Музбурчак, / Улуктун бары биздерге, / Ынтызар болгон ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул дагы сизге ынтызар, / Эки көзүн ирмебей, / Тиктеди сенин жолуңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ынтызар болдум угарга, / Түп атаң сурап турамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сомбилек жеңди, деп угуп, / Түлөө кылып, мал сойуп, / Май кайнады бар үйдө, / Эр бүлө баары тынч алып, / Баары уйкуда бүл күндө, / Атыңды угуп биздин эл, / Бек ыраазы күнүндө, / Карынын баары ынтызар, / Айдай жүзүң көрүүгө, / Кут түштү деп калышат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →