ынак

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Таза, нак, эч кандай кошундусу жок, нукура өзү.
  2. Мамилелери, пикирлери жакын, бири-бири менен таттуу, дурус.
  3. Жакын, жакшы көргөн, каалаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак балта хандын Чубагы, / Акылдашы, ынагы, / Үзүктөй калпак эр Шууту, / Мына бу турган эр Матан, / Ал Шуутунун тукуму, / Атагы Лопнур болсо да, / Черченде болгон туругу, / Черченде төлдөп көбөйгөн, / Жибек курттун уругу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күн батыштын элдери, / Уйга ынак деди эле, / Уй болсо чапсын мингени, / Уйдан чыккан жүйрүккө, / Он миң алтын берели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саламат уулу турмайлык, / Сарыбай өзү келсе да, / Мен барамын өзүм, — деп, / Ит кезгенге ынак кул, / Мен ойойун көзүң, — деп, / Саламат менен беттешем, / Кеңешим айтып кептешем, / Кеңеш кепке кирбесе, / Байлап алып кетпесем, / Кененимге көрсөтүп, / Көрү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →