ына

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Ишенүү, ишенип калуу, макул болуу, моюн сунуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кеңеш кепке ынасаң, / Беш күндө өөдө туралсаң, / Семетей менен беттешип, / Көмө сайып жыгалсаң, / Анда жаның бир калдың, / Өлүп кетсең кыргыздан, / Кутулуп мында бир калдың, / Экөөнүн бирин кылбасаң, / Калыбектен суладың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Атылып мылтык тарсылдап, / Жабылып чыкты жолборс, шер, / Айбаттанып арсылдап, / Анталап Чубак шашылды, / Бура тартып атыны: / — Кытайың менен кургунуң, / Бул эмне шумдугуң?- / Алмамбет анда кеп айтат, / Айтканда Чубак ынантат: / — Көпүрө мурда бар эле, / Мындай иштер жок эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— / Деп, карылык кептерин, / Алтынкан канча айтса да, / Ынабады Үмүтөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
–деп, / Бала баатыр ат койду, / Ыңай туура тушунан, / Кулак түпкө бир койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Аюу менен жолборс буга ынанып калышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →