ымыркай
- Мала кызыл өң.
- өт. Жаңы төрөлгөн бала, кызыл эт бала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эртең менен Алмамбет, / Эшикте турса теңселип, / Бир келин өтүп баратат, / Ымыркай бала көтөрүп, / Сыйкырлуу киши Алмамбет, / Серп салып карап калыптыр, / Ороп алган баладан, / Нур жангансып алыптыр, / Абдан Алмаң байкаса, / Ородо бала башкача, / Өткөзө үнү сүйкүмдүү, / Чыркырап бала ыйласа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Издегеним Семетей, / Таппай туруп ошону, / Менин эр сынашым оң бекен, / Мен ымыркай жаш чакта, / Ал Семетей жок чакта, / Атам Акун айкөл шер, / Бирин бири сүйүшүп, / Жок балага күйүшүп, / Кудалашкан кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жетимдиктин айынан, / Ата-энемдин жогунан, / Ымыркай кезде айрылдым, / Ак калпак кыргыз тобунан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →