ылжыра

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Былжырап жара болуп кетүү.
  2. Эзилүү, эзилип колго келбей калуу.
  3. өт. Мажүрөө, жүүнү бош.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ылжырап турган жарама, / Куйгансыйсың ачуу туз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он экиде жашы бар, / Кундуздай кара чачы бар, / Ылжыраган сары эмес, / Жылтыр сары жийде жүз, / Көктөн көрүп эжеңиз, / Жанына түштү бакчанын, / Он төрт-он беш жаш болуп, / Өтө манап кооз эмес, / Өтө жыртык деги эмес, / Тааныбаган кыз болуп, / Басып барды Айчүрөк, / Бир нерсе сурап келгендей, / Шашып барды Айчүрөк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →