ылдыйла
- Ылдый жакка карай төмөндөө, төмөн түшүү.
- өт. Начарлоо, алдан-күчтөн таюу, алсыздануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ылдыйлап кеткен удургуп, / Марал болсо табылар, / Эми алар нетиптир, / Эки баатыр кетиптир, / Аркасынан Алмамбет, / Сарала менен желиптир, / Саздаңдын тектир дегенге, / Салып жетип келиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аккан дайра жерине, / Суктанманын элине, / Төбөсүнөн ылдыйлап, / Коргошун болуп куйулуп, / Кечки дигер мезгилде, / Керебет алтын тактада, / Жаткан кезде Суктанма.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ак кептер ачык кеп угуп, / Асмандап учуп ылдыйлап, / Сейтек карай ыңгайлап, / Жетип келди бир демде, / Сейтек менен Куйалы, / Ат чалдырып турганда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алысты көздөй жүрдү эми, / Астындагы белестен, / Алмалуубулак, Шумкарташ, / Ашып түшүп ылдыйлап, / Кеңколду көздөй басты эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →