ылдый

китептерде 96 жолу, 10 китепте
  1. Төмөн, бийиктиктин, жогорунун карама-каршы (төмөнкү) жагы.
  2. Даражасы, баасы, сапаты ж.б. жактары начар, төмөнкү деңгээлде, кем.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Астыртан өөдө караса, / Төбөдөн ылдый шарылдап, / Борошо жамгыр куйулат, / Кыйалы кетет кырк бөлөк, / Кылымга келчү бар нерсе, / Бири калбай туйулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алдындагы Карасуу, / Аскадан түшпөй шар аккан, / Тоону койуп түбүнө, / Тактайдан кынап жасаткан, / Оозунан ылдый агызган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек анда үйдө жок, / Гүлнарды ээрчитип, / Урумга кеткен болучу, / Кара дөөнүн кептерин, / Баарын айтты калтырбай, / Кутургурдун эрдигин, / Жайын айтты жашырбай, / Өөдө сүйлөп оргутуп, / Ылдый сүйлөп кемитпей, / Чынын айтты ашырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кандуу жаш көздөн чубуруп, / Өңүрү ылдый куйулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →