ылдам

китептерде 70 жолу, 10 китепте
  1. Буйдалбай, тездик менен, бат, бачым, ыкчам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түнүндөсү жаткырып, / Күн тийгенде бастырып, / Тополоң уйуп, жер чаңдап, / Тозоңу көккө жазылып, / Ободогу жарык күн, / Күлгүн тартып күдүңдөп, / Түнүндө жылдыз көрүнбөй, / Кээ-кээ жерден бүлбүлдөп, / Ашыгып келет Шоорук хан, / Ылдамыраак жүргүн, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
— деди, / Азыр ылдам тап! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
чыкканда, / “Чойтолоң андай киши эмес, / Бул ойной турган иш эмес, / Кырк күн бүтөт эми эле, / Сейитке салчу уруштун, / Алдында кылчу кеп-кеңеш, / Чакырып кел ылдам” — деп, / Ханым буйрук кыларсың, / Баргандан кепти укканда, / Ооздон мындай чыкканда, / Чойтолоң ойлойт далай кеп, / Акырында ал айтат, / Барган желдет кана? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ «Барбаймын» — деп айта албай, / Баланын көөнүн кайтарбай, / Бастырып кетти Семетей: / «Ылдамыраак желели, / Атага арнап, мал мууздап, / Эртерээк кайта келели». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сатай, ылдам, болгун, — деп, / Кемпир менен балдарды, / Жай-жаткызып кондур, –деп, / Сомбилек баатыр шаштырып, / Алып барып аларды, / Айабай сыйлап жаткырды, / Бирине бештен кызматкер, / Так алты күн бактырды, / Артып келген жүктөрүн, / Өздөрүнө ачтырды, / Бекбачага берген заар, / Кол сандыктан таптырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →