ылгый
- Өңчөй, бүт, бир өңчөй. (Шахтада) машинисттер, бекиткичтер ылгый жаштардан (Сасыкбаев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатырлар жүрөт аралап, / Ат карыдан кан кечип, / Эр карыдан жин болуп, / Таш баканын далайы, / Талкаланып жүн болуп, / Ылгый сөөксүз жыландар, / Күдөрүдөй ый болуп, / Кескелдирик, батма чык, / Тайны калбай жоголуп, / Жердин бети тилинип, / Таштар чыгып коройуп, / Алты күндүк айлана, / Жуурулуп адам канына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өңү ылгый кара сур, / Мүйүзүндө сымы бар, / Ай караңгы түн болсо, / От күйгөндөй жылтырар, / Белгилери ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…п, / Казы чыгар бээ алып, / Кысыр эмди тай алып, / Кымыздан арак дагы алып, / Сүлөөсүн, түлкү көп алып, / Суусар, кундуз жана алып, / Айуу, талпак, булгунду, / Ылгый жибек буулунду, / Алтын, күмүш зар алып, / Өлүү мүлктү бүт алып, / Кар жолду чаңдатып, / Калың эли жардашып, / Калбай барып турушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →