ылга

китептерде 147 жолу, 9 китепте
  1. Тандоо, тандап алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ингендеги моңгулдар, / Качкан кыргыз мында деп, / Дайынын угуп билиптир, / Ылганып бир жүз отузу, / Чаап алам деп кириптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Короодон кармап кой сатпай, / Кийимди кийди кыргыздар, / Өз элинен кыз жакпай, / Сулуусун алды кыргыздар, / Минерине ылгатып, / Тыңдуусун алды кыргыздар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жандырып кайта чаппаймын, / Бирден-бирден домдоймун, / Найзакерге найзам бар, / Аз келесиң он бешиң, / Ылганып жүзүң чыгыңар, / Жалгыз башым Кененим, / Жүз миңге жалгыз тийерге, / Жадабай турган демим бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ндай болсо, Ажыбай, / Айбанбоз күлүк мингиниң, / Ашыга жолго киргиниң, / Алты сан кара ногойду, / Эстек, нойгут ошондо, / Койбой баарын жыйнагын, / Кой семизин ылгасын, / Алыстан келчүү хандарды, / Конок алсын, сыйласын, - / Анда Ажыбай баатырың, / Ачып көзүн каранып, / Алдынкы ээрдин жаланып, / Айбанбозду алдырып, / Үстүнө т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эми, энеке, ылгагын, / Сүтүңдү берип сен баксан, / Күчүн берген, абакем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →