ылайыктуу

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Туура, ылайыгы бар, жараган, ылайык келген.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…йагы кууш шар экен, / Кечилдер, көрүп турасың, / Адамдын көркү мал экен, / Буурул токой кең экен, / Төрт түлүк малдын жери экен, / Ал жерге барып мал баксам, / Ылайыктуу кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ылайыктуу жер көп, — деп, / Эл намысын талашкын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үйгө эле эмес талаага, / Чатак кылса чуу салчу, / Жети кыраан балага, / Ылайыктуу нерсеңди айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Маңгыттан жыйып келгендин, / Ылайыктуу керегин, / Тынымкандын жүгү, деп, / Мен жүктөтүп берейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
– Курсагым ачка, ылайыктуу жок башка. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →