ылайыкта
- Ылайык келтирүү, туура келет деп эсептөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ылайыктап ичиңен, / Башкаргыла бир кишиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тип Алмамбет, / Калган элди дүрбөтүп, / Жарасы оор жатканды, / Зембилге салып көтөртүп, / Илегерди таптырып, / Жарага дары чаптырып, / Эбеп, себеп, медеттен, / Ылайыктап бердирип, / Кулгунасын агызды, / Канчаларын сакайтып, / Өчкөн отун тамызды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Башына кийгени өзүнүн теңирейген мурдуна ылайыкталып жасалгандай, кайкы тумшук кара шапке; бутунда саал эскириңкиреп калган жылтылдаган намеркан өтүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →