ылайык

китептерде 52 жолу, 10 китепте
  1. Жарактуу, туура келген, ылайыкталган, жарай турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрт тарабын тең карап, / Ойуна мындай ой алат: / “Аралап көрдүм көп жерди, / Көзүм көрдү көп элди, / Аш беришке ыгы бар, / Ылайык көрдүм бул жерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жери менен элдерин, / Жедигерге берели, / Менин айткан бул кебим, / Ылайыгы келеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Атак эмес кишиге, / Элди талап мал тапмак, / Эл талап малын алганча, / Эгин эгип, кетмен чап, / Билегиң түрүп тер төгүп, / Аппак сүттө жаның бак, / Элге азап салдырбай, / Ылайык келет биз бармак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үч которуп сакчыны, / Агарып сүрүп таң чыкты, / Айбаттанып Айжаңжүн, / Тоодой караан кан чыкты, / Арт жагынан бороондой, / Уйулкуган чаң чыкты, / Атагы алаш жагынан, / Сыргак деген тың чыкты, / Ылайык келсе барсам деп, / Ынтылып турат көп мыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аралашкан аскерлер, / Ылайыгын караша, / Бирине бири беттешип, / Жабдыгына жараша. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →