ылайла

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Сууну киргил тарттырып булгоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гөнүн ыргытып, / Бар сайманын иштетип, / Ээрдин кесе тиштешип, / Алаканга түкүрүп, / Кар жанга күч келип, / Кара бойдон аккан тер, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу кылчылдап, / Өзөгүнөн от жанып, / Ооруп сөөгү зырпылдап, / Кара баскан немедей, / Азуул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Байлатып ийген ким болсо, / Чирене түшүп тартканда, / Мойун тери сойулуп, / Үзүлүп кайыш кеткенде, / Кызыл кан агып чубуруп, / Ылайланып топурак, / Канга калат жуурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ай-дүлөй борошо, / Бөрүдөн бетер улутуп, / Турган жандын баарысын, / Койнун карга толтуруп, / Көнөктөп сууну куйгандай, / Асмандан жамгыр төгүлүп, / Өркөчтөнүп ылайлап, / Аккан селдер көрүнүп, / Каптап кетип Сазаңды, / Чанданы калды көмүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Акчамалап ылайлап, / Аңдыган киши кудайлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сол жагынан суу акты, / Тунук акпай ылайлап, / Токтобостон шар акты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →