ылаачын
- Майда канаттууларды, жандыктарды алып жечү, бийик жана тез учуучу кыраан куш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ал Дөнөнүн найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Ылаачындай Асыл шер, / Кайта тийди имерип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…рөккө муштады, / Ооп барып оңолду, / Оодарыла тас калды, / Оңой бала эмес деп, / Ойуна алды Калыбек, / Найзасын күүлөп тап берип, / Мыкты болсоң келгин, деп, / Ылаачындай жаш Сарык, / Кайра тийди жапырып, / Сол кыйрына бир сайып, / Дагы оңолду Калыбек, / Ооп барып кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Атканын жазбас мерген бар, / Ылаачындай терген бар, / Ай караңгы түндөрдө, / Из кубалап билген бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тай торпоктой булчуң эт, / Канча талаа жарылды, / Сүлкүлдөгөн Терекбай, / Заманасы тарылды, / Тартып алып найзаны, / Ылаачындай шамдагай, / Сак карыга бир сайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тостуруп койгон жоо болсо, / Ылаачындай тийейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →