ыкчыл
- Ыктуу, эптүү, эпчил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зулпукан үйгө барыптыр, / Өткүр ыкчыл келинден, / Сөөгү башка керилген, / Сумбаттуу сулуу кыздардан, / Акырын басып суйсалган, / Ырсактап күлбөй сумсайган, / Күмүш оймок уздардан, / Келин ага катындан, / Кем-керчи жок акылдан, / Далайын издеп таптырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дөңкүрөңдү ойнотту, / Өчөшүп келген душмандан, / Онду Абдылда сойлотту, / Бир түнү түшпөй атынан, / Сүрүп чыгып таң атты, / Эртеси күнү кечинде, / Абдылда кайра тартканда, / Жайына түшүп эл жатты, / Ыкчылдардан чыгарып, / Элден четин чардашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н сайышка минем, — деп, / Ойунда болуп ушул кеп, / Сурабай алды жетелеп, / — Деп Ажыкең айтканда, / Алмамбет айткан бул бир кеп: / — Тилиң таттуу, кебиң жай, / Ыкчыл жигит экенсиң, / Аккуланы чапты деп, / Алгараны бек кармап, / Алооке уулу жатты деп, / Кылжейрен алып калгамын, / Сайышка минсем бекен, деп, / Бербей койсом ат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →