ыкчамда

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Ылдам, ыкчам-ыкчам иштөө, тез-тез кыймылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жүз тайган ажылдап, / Бир кишини камаса, / Баатыр минген Майтору, / Жылкыдан сыны бир башка, / Анын ырысына жараша, / Аркасын карап кылчаңдап, / Жорголой басып ыкчамдап, / Кыйгач тиктеп жаныбар, / Кыйырдата тепкенде, / Жүздөн ашык ит өлүп, / Бир канчасы жарадар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тайгандын бири кыңшылап, / Кененимге жоолукту, / Таң атардын бүрүлдө, / Кененимге жакындап, / Куйругун булгап шыйпаңдап, / Алдына түшүп жөнөдү, / Бол жүргүнүң дегенсип, / Аркасын карап кылчактап, / Эр Кененим жөнөдү, / Кеңкула менен ыкчамдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдына минген Көктеке, / Кара терге чыланып, / Келип элдер сурашып, / Көргөнүн айтып Тазбаймат, / «Бастыралы Каныш», — деп, / Шашмалап турат ыкчамдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…степ, / Атактуу Талас жерди эстеп, / Андан кала бергенде, / Бойго жеткен солкулдап, / Буралган талдай кызды эстеп, / Так бүркүттөй кылчаңдап, / Койчапдар менен ыкчамдап, / Кутубайдын айылына, / Барып жетти балчаңдап, / Барып кайта келгенче, / Абасына кеп салып: / — Абаке, бирге баралы, / Таластан кабар алалы, / Канчоро кулду ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айтып болуп тайгандар, / Басаарына калганы, / Аргымак ээрди кыбырап, / Тайгандардын караса, / Ооналактап шыйпаңдап, / Кош эмесе, дегенсип, / Жүрүп кетти шыпылдап, / Батууга кире берерде, / Аман болгун, дегенсип, / Аркасын карап кылчаңдап, / Көздөн жашын кылгыртып, / Жолго түштү ыкчамдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →