ыкта2

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Корголоо, жашынуу, жан соогалоо, жакындоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дөө жагына ыктады, / Чоркоктук кылып Кызыл алп, / Үстүнөн алыс муштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бугусу жүрөт топтошуп, / Буруу сайын оттошуп, / Адамды көрсө ыкташат, / Ыктап келип жытташат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тынчы кетип Чүрөктүн, / Толгоо келип кыстады, / Кастык кылчу катындар, / Жакындашып ыктады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тим кишиге ыктаган, / Тили оозуна жукпаган, / Кай жумушка бет алса, / Кадоосун чыңдап мыктаган / Кеп айтканы шар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көп бүлө тыгылып-сыгылып, эшикти карай ыктап, тар алачыктын төрүн үчөөнө бошото бердик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →