ыйык
- Касиеттүү, баалуу, кымбат.
- Кол тийгис, касиети бар.
- Ийин, жалпы эле адамдын желке жак тарабы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баатырдын жолун жолдойлу, / Ыйык Ата Мекенди, / Манаска окшош коргойлу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алдында минген Кеңкула: / — Мен чыдайын жүрүүгө, / Сен чыдасаң минүүгө, / Ыйык жалдан кармасаң, / Өнөрүмдү карматам, / Көзүңдү жумуп сен алсаң, / Төрт айагым бир кезде, / Тепе-тең түшөт бир жерге, / Ошондо менин жеткеним, / Болжолду барчу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арстан Манас баатырың, / Жардан чыгып кете албай, / Же Коңурбайга жете албай, / Жалында турат зарыгып, / Айкөл шериң ошондо, / Куйушкандан көтөрүп, / Ат көчүгүн чөгөрбөй, / Ыйык жалдан тарткылап, / Амал кылып акырлай, / Коңурбай турган кечүүгө, / Келди эми жакындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ыйык жалдан бек кармап, / Сол колу менен алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →