ыйла
- Капалуу, кайгылуу ишке, кырсыкка ж.б. карата көзүнө жаш алып муңкануу, ый баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайнатама айткыла, / Эт көйнөгүн айабай, / Мага берсин кайнатам, / Кайненеме айткыла, / Сабыр кылсын ыйлабай, / Тынч жаткырсын жерине, / Нурфануну кыйнабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Унутуп калган белемсиң, / Талаага койуп эжемди, / Таң күнү ыйлап жүргөндү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →