ыйгар

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бирөөгө бир нерсени берүүнү ой кылуу, бирөөгө арноо.
  2. Чектөө, белгилөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чогулуша калышып, / Талпак салып, жүн сабап, / Аз-көбүнө карабай, / Оокат болсо тең жасап, / Сайма үйрөтүп кыздарга, / Кеңеш салып келинге, / Баш ыйгарып аларды, / Акыл-нуска кебине, / Өтүп кеткен нечендер, / Кайаша айтып какшатпай, / Өмүрүнчө эч кимге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
"Кылыйган кыраан түлкү, жүргөн жери күлкү, бул төө-түлкү акемдин мүлкү" деп, этин бешке бөлүп: бир бөлүгүн жолборско, бир бөлүгүн аюуга, бир бөлүгүн карышкырга ыйгарып, бир бөлүгүн өзүнө чыгарып алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →