ый

китептерде 31 жолу, 10 китепте
  1. Капалуу, кайгылуу, ишке, кырсыкка ж.б. карата көзүнө жаш алып муңкангандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тып, / Өлгөндөрдү угузуп, / Хан болгонду билгизип, / Калган элге айттырып, / Атайлап киши чаптырып, / Канык кабар укканда, / Өлгөндөрдүн бүлөсү, / Улуп – уңшуп ыйлашып, / Кызыл кан кетип ичинен, / Жалынсыз отко күйүшүп, / Жан болгондун бүлөсү, / Кабагы жарык күлүшүп, / Жагалданып сүйүнүп, / Эне – атасы, агасы, / Ээси бардан к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Ыйлашарга өз жакшы, / Сыйлашарга жат жакшы», / Жарамсыз болсо ушул кеп, / Эмгичекти унутпай, / Не үчүн айтып олтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ыйлай берсем бул жерге, / Ыйым өтпөйт бул элге, / Күч-кубатым кетирип, / Не ыйлайм бекерче? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аны көрүп Сомбилек, / Эки көзгө жаш алып, / Мусапырлык жолунда, / Ыйлоого кирди муңканып: / — Жараттың, кудай, жан кылдың, / Ата-энемден тең айрып, / Жал-жал карап жалтанган, / Жетимдикте зар кылдың, / Бүрдөп турган чагыңды, / Кең дүйнөнү тар кылдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →