ызырын

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Бирөөгө аябай ачуулануу, каарын төгүү, каардануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан болгон соң так минген, / Канча жылы калк билген, / Хандыгыңды билдирсең, / Чойтолоңду карматып, / Дарга асып илдирсең, / Ызырынып сөз менен, / Бүткүл элди сабасаң, / Чойтолоңдун элинен, / Он-он бешин камасаң, / Жүрөгү өлүп букара, / Түгөнөт сенин каргашаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп ызырынып баратып, / Өзүнө акыл кеп айтып: / “Карыйа Бакай, Каныкей, / Айчүрөккө барайын, / Алардын кебин угайын, / Кайра келе жатканда, / Анан эбин табайын” / Деп ойлонуп Сетертай, / Айткан кеби мамындай: / — Эрке жеңем Чачыкей, / Мен ыраазы кебиңе, / Семетейдин ордуна, / Канчоро бар дедиң э? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Канчоро, / Ачууланып айкырып, / Ызырынып, шашылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деди Карабай качырып барып салып калчудай ызырынып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— деп анын сөзүн айтып бүтүрбөй муштуму менен столду коюп калып, ызырынып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →