ызылда
- Ыз-ыз этүү, ыз-ыз эткен дабыш чыгаруу.
- Ызы-чуу салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Ызылдашып калгандар, / Боло түштү чуркурап, / Көөнүндө болуп ыраазы, / Кененим болду кош убак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Учуп жатат башка куш, / Ызгыч кара кашка куш, / Ызылдаган ызгычка, / Алмамбет ушул болгон туш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жоого тийчү эмедей, / Ызылдатып көп элди, / Ээрчитип албай бекерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тоотору аты чыкканда, / Аңтарылып жер асман, / Борошо болуп ызылдап, / Жамгыр куйуп жаткандай, / Сасык туман көргөзбөй, / Каптап жерди баскандай, / Коморулуп дүңгүрөп, / Алатоо кулап аткандай, / Шамал чыгып дүрүлдөп, / Жыгачтын баары күрүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондуктан, эзелтен жүрөк үшүп жалкотой болгон кургурлар не бир бороондогон айсыз караңгыда, сак жаткан кулактар алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун дабышын уга коюп, төшөктөн ыргып туруп, бүлүк түшүп калар эле...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →