ызгаар

китептерде 12 жолу, 4 китепте
  1. Катуу суук, чыкыроон аяз.
  2. өт. Ачуулуу, каардуу, кыжырлуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лындан, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Жаралуу болуп токойдон, / Чыккан жолборс түстөнүп, / Кабагына кар тоңуп, / Мурутуна муз тоңуп, / Ызгаары чилде кыш болуп, / Мындан мурун адамзат, / Көрбөгөн сонун иш болуп, / Манастап баатыр бакырып, / Айкөлдүн атын чакырып, / Үнүн уккан балбандар, / Акылынан жаңы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…нен чайандай, / Эт-бетинен заарданып, / Алда канча түрдөнүп, / Кирген буура сүрдөнүп, / Гүүлөп найза ыргады, / Гүүсү кулак тундуруп, / Күркүрөгөн чоң калмак, / Ызгаары шамал зыркырап, / Тушуна келген урчуктоо, / Токтобой кулап быркырап, / Топ-топ учкан канаттуу, / Бирден учуп дыркырап, / Адырда жүргөн айбандар, / Үн алышып чу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кар жааганды билбесе, / Карды көзгө илбесе, / Борошо жаанды билбесе, / Суукту көзгө илбесе, / Ызгаарлуу шамал борошо, / Үшүп үйгө кирбесе, / Суу ордуна май жесе, / Сууктук тамак жебесе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аккула менен айкөл шер, / Күүгүм туман көздөнүп, / Майлаган буудай жүздөнүп, / Жылдыздата карасаң, / Канча түрдүү сын келип, / Толкуну көлдөй мелтилдеп, / Сүйкүмү күндөй мемиреп, / Салкыны ызгаар зырылдап, / Залкары тоодой зымылдап, / Ак мейкин түздөй мелтиреп, / Колдоочусу кошо анын, / Жоо бөрүсү баатырдын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Булуттан чыккан күнчөлүк, / Ысыгы бар ушунча, / Ызгаары бар бетбактын, / Кышкы желде суукча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →