ызала

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Ыза кылуу.
  2. Күч колдонуу аркылуу кордоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ушул мүнөттө жалгыз мен карап калганыма ызаланып, «колумдагыны үнөмдөп жебей» деп ойлонуп калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо да келээр менен бере койбоду деп ызаланып, кетип калбай, чыдаш керек, белгилүү мезгилге чейин күтүп туруш керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир туруп ызаланып, бир туруп капаланды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →