ыза
- Уялып, ызаланып, арданып калуу абалы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр Бекбача төрөгө, / Жараткандын күчү көп, / Мындай ызаат буйурду, / Перилердин алдында, / Нурфану келип баш урду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Же чыкыйга балта чабышпай, / Жеңишсе да, жеңсе да, / Майданга чыгып канышпай, / Мүнкүр болуп Чынаача, / Аркы өйүзгө өтө албай, / Эңсеген ойго жете албай, / Ызаалык кеги, кыжыры, / Ичинде турат бир далай, / Болгон жумуш аламат, / Бир күн өтүп баратат, / Так бир айча кептенип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ыза кылдым сөз менен, / Чакыртып келип бир күндө, / Малынан айдап сойдурдум, / Үйгө мейман келгенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Муңайып Чүрөк муну айтат, / Мундуу сөзүн чубалтат: / — Түгөнүп калган канкоруң, / Тууттан калдың — деп айтат, — / Суук селкин кеп айтат, / Мындай ыза болгунча, / Кошулбай кордук көрөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ыза болгон кан:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →