ыдыра

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Тигишинен, жигинен ажырап кетүү, сөгүлүү.
  2. Бириндеп, ажырап, бөлүнүпбөлүнүп кетүү, тароо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жалындап көздөн от жанып, / Жаалы салып турушту, / Чокморлошуп койушту, / Колтуктарын чойушту, / Кылычтарын алышып, / Кыйкырык-сүрөөн салышып, / Кылычтын мизи ыдырап, / Балталашып киргенде, / Калкандары быдырап, / Чарт айрылып чарайна, / Найза тийип такылдап, / Жарылып калган жиктенип, / Балтанын сырты шакылдап, / Тили батп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Балтанын сырты чакылдап, / Найзанын учу такылдап, / Талыкпай уруп бергенде, / Алжырдын жапкан калканы, / Жарылып кетти талаалап, / Торгой көз темир бадана, / Ыдырап кетти салаалап, / Салаңдап чынжыр самсаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тигиштен бетер ыдырап, / Талкаланды кабырга, / Шайы кетип алсырап, / Калбады алы качарга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чириген бөздөй ыдырап, / Бүчүлүктөр калбады, / Өрттөнүп өлгөн Кыйаздын, / Өжөрлүгү кармады, / Түшө калып Күрөңдөн, / Эр Гүлстөн жолборсту, / Жакасынан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мурунтан кыргыз элдери, / Бирин бири кайсашып, / Ыркы кетип ыдырап, / Алсызды алдуу айсашып, / Кырылып келген кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →