ыдык

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Кордук, зордук, ыза.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саптан чыкты бөлүнүп, / Залкар тоодой көрүнүп, / Беттен чыккан ыдыгы, / Жааган күндөй төгүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мурункудай эр тике, / Беттешип найза уралбай, / Алымсарык баланын, / Ыдыгына чыдабай, / Качып берди уйалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Манасты, / Алдымда кызмат кылдырып, / Каңгайга барып жанайын, / Алаштын айлын кыдырып, / — Мына мунтип Бадыкөл, / Күпүлдөдү бир далай, / Карманаптын кишиси, / Ыдыгына чыдабай, / Саксаңдаган капырдын, / Жүзүн карап туралбай, / Кет дегенде жөнөдү, / Камчыга атын бөлөдү, / Жөнөп жатып кылчайып, / Бадыкөлдүн аскери, / Аттанганын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетейдин барында, / Суркойон минип элирип, / Гүлчоро жүргөн чагында, / Урумга барып кол салып, / Өткөргөн ыдык аларга, / Көөнү ачылат Орусхан, / Гүлчоро кулду алганда, / Бура тартып Айчүрөк, / Бузулуп өңү кумсарып, / Ачуусу келип сумсайып, / Аккуу кебин колго алып, / Ап… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кармагандан кан чыгып, / Карагандан жан чыгып, / Аркасында айдары, / Сайга чыккан тал чыбык, / Ыдыгына чыдабай, / Алдынан шамал дуу чыгып, / Кара жүздү байкаса, / Кудай бетин нары кыл, / Кужулдаган куу чыгып, / Куйругунан атынын, / Созула түшүп, буу чыгып, / Кар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →