шөкүлө

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Бойго жеткен кыздар кийүү үчүн кооздолуп жасалган төбөсү шукшугуй бийик баш кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ип, / Кулагында коохар таш, / Көз уйалтып жарк этип, / Карашы башка бир порум, / Аркасын карап жалт этип, / Күлкүсү сонун келиндин, / Жез комуздай шаңк этип, / Шөкүлөсү томпойуп, / Мойундары койкойуп, / Чачбактын боосу салаңдап, / Тоту куштай сыланып, / Жан-жагына каранат, / Мен-мен деген далай жан, / Тик карабай жалтанат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шөкүлөнүн төбөсү, / Төрө Манас көкжалдын, / Төбөсүнүн көрүнгөн, / Шөкүлөнүн бермети, / Түркүм түргө бөлүнгөн, / Чачылары делбиреп, / Учу жерге төгүлгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шөкүлө кийген кыз келди, / Жез оймоктуу уз келди; / Абышка–кемпир, орто жаш, / Кененим менен Чыныке, / Аларга келип ал айтат, / Келишкен, жубан, келин-кыз, / Кылжыкеге ал айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– / Алыке менен Сатыке, / Жедигерде акылман: / Өзүң асыл, кол үзбө, / Ушунча журттун баарынан, / Анда Чүрөк муну айтат, / Агартып тишин кылайтат, / Төкмө чачы шөкүлө, / Берметин жерге чубалтат: / — Аксакал ага Кутубай, / Алыке менен Сатыке, / Жетисууда жети хан – / Бул олтурган он адам, / Ич дартымды саа айтам, / Силерге ай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бермети жерге төгүлгөн, / Шөкүлөсү көрүнгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →