шүй2
- Ырай, кебете (көбүнчө жактырбаган мааниде).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…с бардан, / Кырк – элүүдөн кишини, / Катар чаап таштаган, / Өзү кытай элинен, / Укмуштуу чыкан жеринен, / Мала кашка ат минип, / Ат куйргун чарт түйүп, / Көккө шүйүп көкүлүн, / Күркүрөтүп найзасын, / Сайып көнгөн канчасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кол астында эр жалгыз, / Чабдар күрөң ат минген, / Куйругун ача шарт түйгөн, / Жеңишке салчу күлүктөй, / Көкүлүн көккө шүйдүргөн, / Бар кийгени темирден, / Күн чагылып жаркылдайт, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Буудайык хандын Музбурчак, / Сакалы келген бир кучак, / Саадагы күмүш, карк алтын, / Салтанаттуу көп казак, / Жеткен экен жол менен, / Сексен төрт санча кол менен, / Кол эсебин алды эле, / Колун катка салды эле, / Өзүмдүн досум дегенсип, / Көк жоргосун түйүлтүп, / Куйругун жерге шүйүлтүп, / Баштап Бакай жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кастарлуу тулпар күлүктүн, / Көкүлүн көккө шүйдүрүп, / Куйругун бекем түйдүрүп, / Катардагы тулпарлар, / Бир-бирден чыкты чубуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Минген аты Буурулдун, / Көкүлүн көккө шүйүлтүп, / Куйругун ача түйүлтүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →