шыңкылда
- Шыңк-шыңк этип күлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбача жетип келсин деп, / Азгаштырып Кызылкыз, / Күлүп кетет шыңкылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чөөлөр келди топтошуп, / Кененимге чукулдап, / Кыз келиндей шыңкылдап, / Чөөлөр чубак каткырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыгылар болсоң тырмышпай, / Байгени анда бер!- деди, / Шыңкылдай берсең ушинтип, / Кыргыздан намыс кетпейби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…кылдап, / Түймөсү жакут, кохар таш, / Көз уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, / Кыз-келин күлүп шыңкылдап, / Айлана басып тосоттоп, / Боз улан турат кылкылдап, / Кара сууда балыктар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шыңкылдап күлүп, наз кылып, / Айлантып башын, мас кылып, / Канчорону туз урган, / Кастыкка аны маш кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →