шыңкый

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Ичке, сыйда болуу, узунунан келип, сындуу, сымбаттуу көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сайган байрак, сап аскер, / Буларды көрүп Бекбача, / Майторуну кындыйтып, / Сыр найзаны шыңкыйтып, / Аларга назар салганы, / Аңгычакты болбоду, / Матан менен Конушбай, / Жыйырмасы келип калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мелтиретип найзасын, / Катынын кара баскандай, / Качкыны жаңы качкандай, / Ар кубулуп Көкчөнү, / Тик качырды жазганбай, / Көркөм Көкчө көргөн, / Найза тешпес, ок өтпөс, / Көккүбө тону үстүндө, / Көк найзасын шыңкыйтып, / Көгаласын кындыйтып, / Кыймылдабай турду эле, / Табарсыктын башы деп, / Шакур найза урду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сырнайзасын зыңкыйткан, / Таптаза бойун шыңкыйткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Өзү жалындаган кайраттуу көзү бар, шыңкыйган арыкчырай узун бойлуу, келбеттүү келген ак куба сулуу жигит. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →