шыңк

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Кыска, ичке үн менен күлгөндө чыккан дабыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акырын айтып шыңк этип, / Эшикти көздөй бет алып, / Басты Көкөй кылт этип, / Билдирбей байкап торгойду, / Көзүнүн жээги жылт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жыгылган жерден кыз балбан, / Желжетпести көтөрүп, / Шыңк эттире жөтөлүп, / Алымсарык баланы, / Чакырып жанга алганы: / — Хан атама айтып кел, / Эмне десе кабарын, / Бала, мага айтып кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Атын уксаң мамындай: / Караногой Мажиги, / Камбардын уулу Чалиги; / Кайгуул, Бөкүл, Торолчу, / Кабарга кыйын болуучу; / Шыңгынын уулу Кербени, / Шыптуу кашка дүрбөөнү; / Саргыл аттуу Затайы, / Ал жандардын Атайы; / Үйшүндөрдүн Үмөтү, / Үмөтаалы Жайсаңы; / Бообек, Шаабек, Шүкүрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып болуп кылт этип, / Кызча күлүп шыңк этип, / Тапан хандын бетинен, / Сылап койду жып этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ктөн түңүлүп, / Кыйаздын колу тийгенде, / Чүрөк калды былк этип, / Чөйчөктө суудай кылт этип, / Жер бетинде жылт этип, / Кыйаздын маңдай жагында, / Күлүп турду шыңк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →