шыңгыра
- Шыңгыр-шыңгыр эткен дабыш чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
барабан кагылып, / Жердин бети шаңкылдап, / Чымыроондой чыңырып, / Сурнайдын үнү заңкылдап, / Аргымак аттар алкылдап, / Белде кылыч жаркылдап, / Айбалта жанда шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Маңгыттан келди хан Калдык, / Жер сойулуп кылкылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Карадан белек туу кармап, / Алооке менен Коңурбай, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аларды көрүп күч алып, / Заар жүзүнө айланып, / Сом темирди артынып, / Чарайнасын тартынып, / Кетелегин кошо алып, / Кылыч кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Жолум үйдөй Чойун баш, / Такымына кысыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далысында калканы, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жез комуздай шыңгырап, / Түшчүлүк жерге угулат: / Кабар берип турсун деп, / Жасаткан муну кытайлар, / Кокустан калса кулжа уктап, / Сырын билген Алмамбет: / — Баатыр Чубак, келгин, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н аралап, / Билегинен кара кан, / Агып турат салаалап, / Колундагы кылычы, / Кыңгыраган үн чыгып, / Заңгыратып тоолорду, / Бир укмушту сүр чыгып, / Ободо кылыч шыңгырап, / Жалпагынан бир кумга, / Барып түштү жартырап, / Сыйкырын салды миң албан, / Желмогуз канчык алдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →